Селекцияда кескиленген келин. Операцияга 45 миң доллардан ашык акча кетери маалым болду
Социалдык тармактагы баракчасында Селекцияда кулак-мурду кескиленген келиндин жакыны маалымат киргизип, операция үчүн түрк клиникасынан болжолдуу баа келгенин жазды.
"Аселге 2 операция жасалат. 45 миң доллар керек болот. Убакыт 2 жума. Ушул 2 операция жасалгандан кийин гана түрк дарыгерлери бекер пластикалык операция жасап беришет", - деп жазды ал.
Ал кечээ, 27-сентябрда да сүрөт жүктөп, мурду менен кулагынан тамтык калбаганын жазган болчу. "Акча чогултуу иштери уланып жатат. Биз Түркияда котормочулукка 6 айга аял жалдашыбыз керек. Кымбат дарылар, учактын билетине, ал жерде жашоого жана узак дарыланууга акча керек", - деп жазган ал.
Жардам берүүнү каалагандар: Мбанк: 0707 837 443 Ногойбаев Т. О!Кошелек: 0707 837 443 Ногойбаев Т.
data-instgrm-version="14">
Посмотреть эту публикацию в Instagram