Royal
SerepTV Logo

Саясатчы Бектур Асановдун апасы көз жумду

Саясатчы Бектур Асановдун апасы көз жумду
Парламенттин мурдагы депутаты, саясатчы жана коомдук ишмер Бектур Асановдун апасы каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Асанов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. “Мен үчүн эң кымбат алтын апамдан айрылып калдым”, - деп жазды саясатчы. Бектур Асанов 2000-2005 жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Андан кийин бир канча мамлекеттик агенттиктердин жетекчиси, ошондой эле Кыргызстандын Пакистандагы элчиси, Жалал-Абад облусунун губернатору жана башка бир катар мамлекеттик кызматтарда эмгектенген. 2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, «бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2019-жылдын февраль айында шарттуу түрдө эркиндикке чыккан. Соңку президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн.
Unknown Author