Abank
SerepTV Logo

Саякатчы-блогер Соң-Көлдөгү аппалуза атынын видеосу менен бөлүштү

Саякатчы-блогер Соң-Көлдөгү аппалуза атынын видеосу менен бөлүштү
Саякатчы-блогер Азамат Сулайманов Соң-Көлдө тартылган аттардын сүрөтү менен бөлүшүп, арасында өзгөчөсү бар экенин белгиледи. "Соң-Көлдөгү өтө кооз чаар ат",- деген жазуу калтырган. Бул жылкылардын түрү аппалуза деп аталат. Аппалуза - бул темгил ала түстөгү жылкылардын түрү. Кыргыздар мындай түрдөгү жылкыларды өңүнө карап, сарала же чаар ат дешет. Бул жылкылар чыдамкайлыгы, күлүктүгү жана каруусунун күчтүүлүгүнөн ат жарышка да, кара жумушка да жөндөмдүү келишет. Мекени болуп АКШ саналат. Айрымдар анын түпкү теги кыргыз жылкыларына барып такалат дешет. Кыргызстандын Хорсбол федерациясынын президенти Мунарбек Кулданбаевдин айтымында, АКШ аппалузасынын түпкү теги кыргыздыкы. "Аппалузанын генин изилдөө максатында 2012-жылы АКШнын Тампа университетинин окумуштуулары Кыргызстандан 30 жылкы алышкан. Алар жылкыларды АКШнын аппалузасы менен салыштырышкан. Анализдердин жыйынтыгында, АКШ аппалузасы менен кыргыздын чаар жылкысынын окшоштуктары көп чыккан",- деди ал.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от Азамат Сулайманов - Путешествия по Кыргызстану ?? Джип-туры (@toni_gassano)

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

23:00 27.04.2026

Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизди

05:04 03.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026