Abank
SerepTV Logo

Сасык тумоодон кантип сактануу керек? Штабдан кеңеш

Сасык тумоодон кантип сактануу керек? Штабдан кеңеш
Кыргызстанда сасык тумоонун мезгилдик өсүшү белгиленүүдө. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, өткөн жумада республика боюнча 9262 КРВИ жана 62 сасык тумоо учуру катталган. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти. Респиратордук инфекциялардын спецификалык эмес алдын алуу: — бет кап тагынуу жана адамдар менен аралыкты сактоо; — респиратордук гигиенаны сактоо; — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду бет аарчы менен жабуу жана кийин аларды туура жок кылуу; — үшүп калууга же дененин ысып кетишине жол бербөө; — өзүн жаман сезген, дене табы көтөрүлгөн жана оорунун башка белгилери бар адамдарды өз убагында обочолоо; — санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, бөлмөлөрдү убагы менен желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.); — балада оорунун белгилери пайда болсо – балаңызды сакайганга чейин мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жардам үчүн дарыгерге кайрылыңыз; — окуу жана эс алуу режимин сактоо, чаалыкпоо, таза абага көп чыгуу, жетиштүү убакыт уктоо жана толук кандуу тамактануу; — таңкы көнүгүүлөрдү аткаруу жана дене тарбия менен алектенүү. Сасык тумоонун белгилери пайда болгондо медициналык жардам үчүн алгач үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу сунушталат.