Санэпидем борбору: "Инфекция жемиштерди жуубай жегендиктен көбөйүүдө"
Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абал мурдагы жылдарга окшош. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан журналисттерге билдиришти.
"Жемиштерди жуубай жегендиктен, инфекция көбөйүүдө. Гигиенаны эле сактоо керек. Негизи көпчүлүк Жугуштуу илдеттер ооруканасына чуркап барышат. Ошол үчүн кайрылгандар көп, жергиликтүү бейтапканага барса деле болот", — дешти адистер.
Буга чейин Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал курчуп, ооруканага кайрылгандар көбөйгөнү маалымдалган болчу. Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин айтымында, күнүнө 160-170тей бейтап кайрылып келсе, учурда бул көрсөткүч 320 кишиге жетүүдө. Кайрылгандардын 80 пайызга чукулу балдар.
Күч алган оорулар: кызылча; суу чечек (ветрянка); энтеровирустук инфекциялар; курч ичеги инфекциялары.