Санариптик өнүктүрүү министрлиги эми баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн үйгө жеткирип берет
1-февралдан тарта Санариптик өнүктүрүү министрлиги баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү үйгө жеткирип берет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.
"Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-февралдан тартып баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү үйгө жеткирип берүү кызматын ишке киргизди",- деп жазды ал.