Abank
SerepTV Logo

Самсаны аралаган келемиш... Бишкектеги кафелердин бири жабылды

Самсаны аралаган келемиш... Бишкектеги кафелердин бири жабылды
Соцтармакта Бишкектеги кафелердин биринде самсаны аралап жүргөн келемиш тартылган видео тараган. Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жогорудагы видео боюнча маалымат таратты. "Рахат лукум" кафеси тамак-аштын үстүндө келемиш жүргөнү жана санитардык эрежелерди бузганы үчүн жабылды. "Коомдук саламаттыкты сактоо тууралуу" мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору калктын тамак-ашы жана азык-түлүгүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында мекемени жабууга укуктуу. Мыйзам бузуу тууралуу маалымат тергөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилет", - деп жазылат маалыматта. https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/07/photo_2023-07-03_15-24-44.jpg" alt="" width="800" height="600" />