Abank
SerepTV Logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19дун кезектеги толкунуна даяр экенин билдирди

Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19дун кезектеги толкунуна даяр экенин билдирди
Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандагы COVID-19дун кезектеги толкунуна даяр. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб Медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын начальниги Нурида Жусупбековага шилтеме берип билдирди. Анын айтымында, оору дагы бир ирет күчөсө, биринчи кезекте Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кызыл аймак ачылат. Министрлик зарылдыгына жараша COVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн башка саламаттыкты сактоо уюмдарында дагы кошумча орундарды ачууга даяр. «Коронавирус инфекциясынын кезектеги толкуну болсо орундар жетиштүү. Дары-дармек жетет. Дарыгерлердин тажрыйбасы бар, алардын баары COVID-19ду дарылоонун клиникалык протоколу боюнча окутуудан өтүшкөн", — деди Жусупбекова.