Садыр Жапаровду Сауд Арабияда кандай тосуп алышты? (видео)
Президент Садыр Жапаров 18-июлда Сауд Арабиянын падышасынын чакыруусу менен өлкөгө жумушчу сапар менен барды.
Мамлекет башчысынын борту Жидда шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.
Президент Садыр Жапаровду Меккенин губернатору тосуп алды. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы “Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышат. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Мындан башка сапардын алкагында президент Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат.