Royal
SerepTV Logo

Садыр Жапаров бүгүн туулган күнүн кантип белгилейт?

Садыр Жапаров бүгүн туулган күнүн кантип белгилейт?
"Садыр Жапаров туулган күнүн белгилегенди анча жактыра бербейт" деди анын маалымат катчысы Аскат Алагөзов. 55-жашын тосуп жаткан президент бүгүн лыжа базасынын курулушуна старт берет. “Адаттагыдай эле иштеп жатабыз. Президент туулган күн тосконду анча жактыра бербейт. Кечинде үй-бүлөсү жана жакындарынын курчоосунда белгилейт”, — деди маалымат катчы.