Садыр Жапаров соодагерлер июлга чейин патент менен иштей турганын айтты
Бүгүн, 5-декабрда Садыр Жапаров соодагерлер менен жолугуу үчүн "Дордой" базарына барып, 2024-жылдын июль айына чейин патент менен иштеп туруусуна уруксат берди.
Анын айтымында, салыкчылар да буга даяр эмес.
"2024-жылдын июль айына чейин кандай болсо ошондой иштеп турсун. Мен салыкчылар менен силерден делегация менен отуруп сүйлөшөбүз. 1-июлга чейин патент менен эле иштеп тургула", - деди ал.