Садыр Жапаров Медина шаарында Мухаммед пайгамбардын мечитине барды (сүрөт)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда Сауд Арабия падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мединадагы Масжид Ан-Набавиге (Мухаммед пайгамбардын мечити) барды.
Мамлекет башчысы Масжид Ан-Набавиде намаз окугандан кийин, ага Мухаммед пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жерге кирүүгө жол ачышты.
"Жапаров кыргыз элинин бакубат жашоосун жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн тилеп, дуба кылды",- деп айтылат маалыматта.
Аль-Масжид ан-Набави - Сауд Арабиянын Медина шаарындагы эң чоң мечити жана Меккедеги ыйык мечиттен кийинки эле исламдын экинчи ыйык жери. Дүйнөдөгү экинчи ири мечит жана пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жери болуп саналат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="191180,191181,191182,191183,191184"]