Abank
SerepTV Logo

Садыр Жапаров MadWay Rally долбоорунун катышуучулары менен жолугушту

Садыр Жапаров MadWay Rally долбоорунун катышуучулары менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда 24-июндан 1-июлга чейин Кыргызстанда өтүп жаткан MadWay Rally эл аралык долбоорунун катышуучулары менен жолугушту.
Катышуучулар өз автомашиналарынын бекемдигин ар кайсы өлкөлөрдүн татаал участокторунда сынашат, быйыл эл аралык ралли Кыргызстанда өтүп жатат. Бардык унаалар пост-апокалиптикалык «Mad Max: Fury Road» («Безумный Макс: Дорога ярости») боевик тасмасынын стилинде жасалган. Мамлекет башчысы унаалардын бирин тоолуу жолдордо өзү айдап көрүп, эл аралык долбоордун катышуучулары менен да баарлашты. MadWay Rally долбоорунун катышуучулары Кыргызстан тууралуу өз ой-пикирлери менен бөлүшүп, өлкөгө биринчи жолу келип, жаратылышынын кооздугуна суктанып жатышканын белгилешти. Ошондой эле алар Кыргызстанда өткөн маршруттар бою аларга дайыма абдан боорукер жакшы адамдар жолукканын айтышты. Мындан тышкары, алар MadWay Rally долбоорунун миссиясы - жаңы маршруттарды ачуу жана жайылтуу менен гана чектелбестен, жарыш өтүүчү жерлерди кайра куруу жана калыбына келтирүүгө жигердүү салым кошуу экенин белгилешти. Мисалы, июнь айында алар Кыргызстан элине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, кароосуз калган Өрнөк-Кемин жолун тазалоого жардам беришкен. Ошондой эле бүгүн Булан-Сөгөттү айылындагы ат майданда чет элдик эстрада жылдыздарынын катышуусу менен MadWay Fest кайрымдуулук музыкалык фестивалы өтөт.
width="500" height="250" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">
width="560" height="314" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

23:00 27.04.2026

Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизди

05:04 03.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026