Abank
SerepTV Logo

Садыр Жапаров кыргыз-казак достугу тууралуу пост жазды

Садыр Жапаров кыргыз-казак достугу тууралуу пост жазды
Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына “Казак-кыргыз арасы” аттуу ыр менен бөлүшүп, пост жазды. "Мен бул ырды азыр уктум. Буга чейин уккан эмес экем. Кыргыз менен казактын жакындыгын даңазалаган бир далай эле ырларды, айтыштарды уккан элем. Бирок бул ыр өзгөчө ыр экен. Эки элдин ажырагыс бир туугандыгын, тамыры, өзөгү бир эл экендигин даңазалап ырдашыптыр. Сөзү кыргыздыкы болсо, обону казактыкы экен. Казак менен Кыргыз — илгертен бери баштарына түшкөн көп-көп кыйынчылыктарды бирге жеңип келген бир тууган эл. “Мен - казакпын, кыргыз ол — туусканым,
Бирге тарткан тарланның күйысканын.
Анамыз да кара көз бир кыз балким,
Бөлүп берген эгизге уыс нанын” деп казак менен кыргыздын ким экенин бир куплет ырга сыйдырып койгон казак акыны, эл жазуучусу Жубан Молдагалиев болгон. Кыргыз-казак бир туугандыгы түбөлүктүү болсун!" - деп жазды ал.