Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча: "1965-жылы плотинаны өзбек тарап курган. Биз бир тыйын акча салган эмеспиз"
Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу түшүндүрмө берди.
"Биринчиден, Кемпир-Абадды биз берген жокпуз. Тескерисинче, алып жатабыз. 60-жылдардан бери плотинаны алар башкарып келишти. Эми мындан ары плотинаны башкарууда 50/50 пайыз кылып биргелешкен ишкана түзүп, чогуу башкарабыз деп келиштик. Суунун деңгээли 900 горизонттон өйдө көтөрүлүп кетпешин көзөмөлдөп туралы дедик. Көлдөн насос менен айылдарга суу тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк жок эле.
Эми тарыхий-архивдик кагаздарга таянсак, 1965-жылы плотинаны өзбек тарап курган. Биз бир тыйын акча салган эмеспиз. Суу басып калган жерибиз үчүн ошол эле 1965-жылы 4127 гектар жерди чек аралаш жерлерден Баткенден, Оштон, Жалал-Абаддан кылып өзбектер өз жерлерин беришкен. Ошондо азыркы суу басып жаткан 4127 гектар жер ошол мезгилде эле өзбектерге өтүп жатпайбы. Чагымчылдар биз бүгүн берип жаткандай кылып кыйкырып атышат. Биз кыргыз тарап ал жерлерди үй салып, талаачылык кылып азыркыга чейин иштетип келе жатабыз. Буга архивдик документтер күбө.
Мисалы, алар берген жерлерге кайсы айылдарыбыз курулганын айтып берейин.
- Кадамжай районунун Көк талаа айылы 758 гектар жерге курулган.
- Пылдырак айылы 255 гектар жерге курулган.
- Араван районундагы Найман айылы 148 гектар жерге курулган.
- Ноокен районунун Достук айылы 1088 гектар жерге курулган.
- Аксы районунда аэропорт 446 гектар жерге курулган.
- Жетиген айылы 75 гектар жерге курулган.
- Падыша-Ата-Сай 5 гектар жерди ээлеп турат.
- Кара-Дөбө 45 гектар жерге салынган.
- Ала-Букадагы Ажек-Тоого 1307 гектар жер берилген.