Abank
SerepTV Logo

Садыр Жапаров жубайы менен Германияга барды. Аларды Текебаев тосуп алды

Садыр Жапаров жубайы менен Германияга барды. Аларды Текебаев тосуп алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Германиянын канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы “Берлин-Бранденбург” эл аралык аэропортуна конду. Сүрөттөрдөн көргөндөй, аны Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жубайы менен тосуп алган.
Иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышат, Германиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="205088,205089,205090,205091"]