Садыр Жапаров ЖЭБдеги өрттөн күйүк алгандарга барды
Мамлекет башчысы Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына барып, Бишкек ЖЭБдеги штаттык эмес кырдаалдын кесепетинен жабыр тарткандардын ал-акыбалын сурады.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаровго бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берип, бардык зарыл болгон медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүп жатканын белгиледи.
Жабыркагандар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Президент бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалап, медициналык кызматкерлерге ыкчам чараларды көргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
width="560" height="314" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">