Royal
SerepTV Logo

Садыр Жапаров хет-трик жаратты. Президенттик администрация журналисттерди жеңди

Садыр Жапаров хет-трик жаратты. Президенттик администрация журналисттерди жеңди
Бүгүн, 8-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Мурас» достук мелдеши өтүп жатат. Алгач эле президенттик администрация менен журналисттердин командасы оюн көрсөттү. 1-таймда президенттик администрациянын эсеп санын Садыр Жапаров ачып берди. Экинчи голду да биринчи таймда өлкө башчысы жаратып, 1-тайм 2:0 эсебинде президенттик администрациянын алдыга чыгуусу менен аяктады. Ал эми 2-таймда президенттик администрация дагы бир гол жаратты. Андан кийин Садыр Жапаров хет-трик жаратып, тактап айтканда, өзүнүн 3-голун жаратуу менен командага 4-упайды алып келди. Журналисттердин командасы оюн аяктап калганда алгачкы голун жаратышты. Ошентип оюн 4:1 эсебинде президенттик администрациянын жеңиши менен аяктады.