Abank
SerepTV Logo

Садыр Жапаров "Дордойдогу" митинг боюнча: "Мунун артында ким турганын билем"

Садыр Жапаров "Дордойдогу" митинг боюнча: "Мунун артында ким турганын билем"
Бүгүн, 5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарына барды. Ал соодагерлер менен жолугушуп жатат. "Бир топтон бери ККМди кабыл албайбыз дегениңерди угуп, 4-5 күн мурда жумушчу топ түзүп, толук маалыматты бергиле деп жибергем. Кечээтен бери салыкчыларды да, жумушчу топту да уктум. Баарын аныктап туруп, силердин алдыңарга келип отурам. Эмнеге ызы-чуу болуп жатасыңар, артында ким турат? Кандай кызыкчылыктар бар? Мен бардыгын билем", - деди ал.