Abank
SerepTV Logo

Садыр Жапаров бүгүн жана эртең Баткен облусунда болот

Садыр Жапаров бүгүн жана эртең Баткен облусунда болот
Президент Садыр Жапаров 24-25-декабрда иш сапары менен Баткен облусуна барат. Мамлекет башчысы сапардын жүрүшүндө чек ара аймактарын калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү, ошондой эле бир катар инфраструктуралык жана өнөр жай объектилеринин абалы менен таанышат. Мындан тышкары, президент аймактагы ички жолдорду реконструкциялоонун жүрүшүн көрөт.