Abank
SerepTV Logo

Сабырбек Жумабеков: "Алымкадыр Бейшеналиев менден кечирим сурап, иштешели деген сөзү болгон"

Сабырбек Жумабеков: "Алымкадыр Бейшеналиев менден кечирим сурап, иштешели деген сөзү болгон"
"Мен Алымкадыр Бейшеналиев менен жаман мамиледе болгон эмесмин". Бул тууралуу SUPERTV каналына маек берип жатып кызматтан алынган 4-оорукананын мурдагы башчысы Сабырбек Жумабеков билдирди. "Керек болсо, менде азыр аудиосу бар. Мага үн жаздыруу жөнөтүп, "досум, мындан ары бири-бирибизди колдойлу, иштешели, мени кечирип кой" деген сөздөрү болгон. Министр болгучакты экөөбүздүн жолубуз кайчылашкан эмес", - деди ал. Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/sabyrbek-jumabekov-kyzmatsyz-kalyshy-mymkyn-sebebi/">алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүштү" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bishkektegi-4-oorukananyn-aldynda-medkyzmatkerlerdin-mitingi-otyp-jatat/">өткөрүштү. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ministr-sabyrbek-jumabekov-kyzmatynan-boshotuldu/">алынганын айтты. Ал эми анын ордуна жаңы дайындалган жетекчини ооруканага" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/sabyrbek-jumabekovdun-orduna-daiyndalgan-jany-direktordu-oorukanaga-kirgizbei-koyushtu-video/"> киргизбей коюшту.