"Саатына ижара акысы 6400 евродон башталат". Садыр Жапаров Нью-Йоркко жеке учак менен учуп кеткен
Маалыматка ылайык, акыркы 24 саатта Бишкектен АКШга бир гана чартердик рейс болуп, аны D-AFAM номерлүү Bombardier Global Express XRS бизнес-учагы аткарган. 19-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 13:50дө учак "Манас" аэропортунан учуп, Нюрнбергге (Германия) багыт алган. Бир аз токтогондон кийин учак жолун улантып, азыр Нью-Жерсидеги (АКШ) Тетерборо аэропортунда.
Бизнес-жет АКШга жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00дө же Бишкек убактысы боюнча 20-сентябрда эртең менен барган. Bombardier Global Express Германияда катталган жана FAI Aviation Group тарабынан ижарага алынган. Учактын саатына ижара акысы 6400 евродон башталат. Бишкектен Нью-Йоркко учуу убактысы 16 саат 5 мүнөт. Бир тарапка каттам 100 миң евродон ашат. Учак 15ке чейин жүргүнчүнү көтөрө алат. Алар үчүн спутниктик телефондор, жогорку ылдамдыктагы интернет, принтер, кинотеатр, сырткы камералар, конференц-стол, жеке жумуш үчүн стол, ашкана-бар, эки жуунуучу бөлмө бар.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармакта учак боюнча комментарий жазды. "Бул чиренгендик эмес, планетанын бир жеринен экинчи жерине 7 миллион калкка жооптуу болгон кишини тез жеткирүүчү каражат. Жакында ондогон мамлекеттик учак, тик учактар болот", - деп жазды ал.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="138000,137997,137998,137999"]