Abank
SerepTV Logo

Саат 22:30га карата чек арадагы атышууда жабыркагандардын саны 129га жетти

Саат 22:30га карата чек арадагы атышууда жабыркагандардын саны 129га жетти
17-сентябрь саат 22:30га карата чек арадагы атышууда жабыркагандардын саны 129га жетти, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. - Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында 39 жабырлануучу; - Ош облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында 4 жабырлануучу; - Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарында 79 жабырлануучу бар. Жабырлануучулардын абалы орто оордукта деп бааланууда. Бардыгына тен тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө, кандын компоненттери, дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар жетиштүү. Каза болгондордун саны 24 адам.