Румынияда кыргызстандык окуучулар информатика боюнча 6 медаль алышты
10-12-февралда Румынияда өткөн VIII Эл аралык Info (1) Cup олимпиадасында Кыргызстандан барган 6 окуучу 3 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алды.
Алар:
- Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы Муратбек Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Ян Бобрус, Бишкектеги «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.
- Абдуллахан Абдирасулов, Ош “Сема” лицейинин 8-классынын окуучуcу – коло медаль;
- Байыш Минбаев, Ош “Сема” лицейинин 9-классынын окуучуcу – коло медаль;
Олимпиадага Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Бельгия, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Казакстан, Молдова, Румыния, Сирия, Украинадан жалпы 135 окуучу катышты.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="229164,229165,229166,229167"]