Abank
SerepTV Logo

Рекорд! Бишкекте 6, 7, 8-июнда эң ысык аба ырайы катталды

Рекорд! Бишкекте 6, 7, 8-июнда эң ысык аба ырайы катталды
Бишкекте 6, 7, 8-июнда метеобайкоо жүргүзүлгөн тарыхта эң ысык аба ырайы катталды. Тагыраагы 1936-2023-жылдар аралыгындагы рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу "Аба ырайы жана климат" сайты жазды. - 6-июнда борбор калаада абанын температурасы 35,6 градуска жетип, бул нормадан 6,5 градуска көптүк кылды. - 7-июнда борбор калаада абанын температурасы 36,8 градуска жетип, бул нормадан 7,2 градуска көптүк кылды. - 8-июнда борбор калаада абанын температурасы 37,7 градуска жетип, бул нормадан 8,3 градуска көптүк кылды.