Abank
SerepTV Logo

Равшан Жээнбековдун жубайы үй камагына чыкты. Ал келтирилген материалдык чыгымды толтурган

Равшан Жээнбековдун жубайы үй камагына чыкты. Ал келтирилген материалдык чыгымды толтурган
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаева үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, мындай чечим кечээ, 29-июлда чыккан. Ал 24-сентябрга чейин үй камагында болот. Сотко берилген материалдар боюнча тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген материалдык чыгым толугу менен толтурулган. 25-майда Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын кармалганы айтылган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/jaktoochu-ravshan-jeenbekovdun-jubaiy-salkynai-alimbaevanyn-karmalganyn-aitty/">айтылган. Анын жактоочусу Разак Ашымбаев Алимбаева коррупция беренеси боюнча айыпталып жатканын билдирген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/jaktoochu-ravshan-jeenbekovdun-jubaiynyn-karmalyshynyn-choo-jaiyn-aityp-berdi/"> билдирген.