Райым Матраимов менен дасторкондо отурган айрым депутаттардын видеосу тарады
Алишер Козуевдин айтымында, видео Жусупбек Коргонбай уулунун туулган күнүндө «Фрунзе» ресторанында тартылган. «2-3 жыл мурун тартылган. Жусупбек Коргонбай уулунун туулган күнү болгон», - деген Козуев журналисттерге.
Видео анын туулган күнүндө тартылганын Жусупбек Коргонбай уулу Kaktus.media басылмасына өзү тастыктады. "Бул эски видео. Менин туулган күнүм болчу. Алар мени куттуктап келишкен", — деди депутат. Матраимов расмий түрдө майрамга чакырылганбы деген суроого жооп берип жатып, "Менин туулган күнүмдү билгендер келишет. Туулган күнгө чакыруусуз эле келишет да" деди ал. Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «202 мамлекеттик кызматкер уюшкан кылмыштуу топко, коррупцияга байланыштуу кызматтан алынды. Мындан ары мамлекетте Көлбаев, Матраимов деген мафия болбойт. Матраимов мамлекетте жүрө турган болсо, кичинекей Матиз унаасын минип алып, жүрүшү керек» деген болчу.