Abank
SerepTV Logo

Путин юбилейине постсоветтик өлкөлөрдүн башчыларын чакырды

Путин юбилейине постсоветтик өлкөлөрдүн башчыларын чакырды

Белгилүү саясат таануучу Аркадий Дубнов Орусиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине Орусия дос деп эсептеген постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлери чакырылганын билдирди.

Дубнов Путин тажик президенти Эмомали Рахмонду 5-октябрда белгиленүүчү 70 жылдык мааракесине байланыштуу 3-даражадагы "Ата Мекенге сиңирген эмгеги" үчүн орден менен сыйлаганын эске салды. Саясат таануучу Рахмон өзүнүн орденин 7-октябрда Санкт-Петербургда алышы керектигин, ал дагы 70 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Путиндин чакыруусу менен келгени жатканын эске салды.