Путин чокусуна илинген Украинанын желеги. Эки альпинист милицияга сурак берди
Мындан эки күн мурда Кыргызстанда жайгашкан Путин чокусуна белгисиз адамдар Украинаны желегин илип кетишкендиги тууралуу видео жарыяланган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kyrgyzstandagy-putin-chokusuna-ukrainany-jelegin-ilip-ketishken-video/">жарыяланган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти.
Маалыматка караганда, видео тараган соң факты каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп баштаган.
"Мергенчилик чарбанын кызматкери (егерь) суралган. Анын айтымында, 24-майда саат 18:30дар чамасында эки альпинист Путин чокусун көздөй бара жаткан. Алардын аты-жөнү такталды. Күбө катары сурак учурунда алар жогору жактан өлкөлөрдүн биринин желегин таап, видеого тартып, социалдык тармакка жарыялашканын билдирген. Иштин бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.