Abank
SerepTV Logo

Прокурорлорго бериле турган жөлөк пулдун өлчөмү кыскарды. Мыйзамга кол коюлду

Прокурорлорго бериле турган жөлөк пулдун өлчөмү кыскарды. Мыйзамга кол коюлду

«Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Садыр Жапаров 24-июлда «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду.

Конституциялык Мыйзам 29-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Конституциялык Мыйзамда мамлекеттик камсыздандыруу органдары камсыздандыруу суммасын төмөнкүдөй учурларда төлөп берери белгиленген:

1) прокурор жана тергөөчү өз кызматтык милдеттерин аткарып жатып, курман болгондо (өлүмгө учураганда). Курман болгондун үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча жыйырма орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнөт. Курман болгондун үй-бүлөсүнө кызматкер курман болгон учурда орун алган шарттарда жана негиздерде бардык шарты бар турак жай алуу укугу сакталат;

2) прокурор жана тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарып жатканда мындан ары кесиптик иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган мертинүү же майыптык алганда, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бир жолку камсыздандыруу суммасы төлөнөт:

а) I топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча он орточо айлык эмгек акы;

б) II топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча сегиз орточо айлык эмгек акы;

в) III топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча беш орточо айлык эмгек акы.

Конституциялык Мыйзам прокуратура органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каралган төлөмдөрдүн тең өлчөмдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.