Abank
SerepTV Logo

Президенттин маалымат катчысы болуп дайындалган Аскат Алагөзов тууралуу эмне белгилүү?

Президенттин маалымат катчысы болуп дайындалган Аскат Алагөзов тууралуу эмне белгилүү?
Аскат Алагөзов 1984-жылы 18-июнда Тоң районунун Кызыл-Туу айылында жарыкка келген. Жогорку билимдүү.
Эмгек жолу: 2006-жыл, март — июль — Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин маалымат кызматы, референт;
2006-жыл, июль — 2007-жыл, декабрь — КТРКнын "Кабарлар" радио берүүлөрүндө кабарчы; 2008-2012-жылдары — "5 канал" телекомпаниясында журналист-баяндамачы, атайын кабарчы, жаңылыктардын алып баруучусу; 2012- 2016-жылдары — "5 канал" телекомпаниясынын түз эфириндеги берүүлөрдүн продюсери; 2016-жылдын март айынан тарта — "Пирамида" медиа холдингинин директорунун орун басары; 2017-жылдын 20-декабрынан тарта — "Пирамида" медиа холдингинин директору;

2018-жылдын декабрынан 2020-жылдын октябрына чейин - Президенттин аппаратынын чакырылган эксперти;

2021-жылдын августунан 2022-жылдын октябрына чейин - Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти;

2022-жылдын октябрынан 2023-жылдын октябрына чейин - Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинин орун басары.

2023-жылдын ноябрь айынан баштап президенттин маалымат катчысы.