Президенттин маалымат катчысы Александр Лукашенконун жыйынга жөө келген себебин айтты
«Унаада эч кандай техникалык мүчүлүштүктөр болгон эмес, тиешелүү кызматтар бул боюнча алдын ала дыкаттык менен иштеп жатышат», — деп комментарий берди Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
Александр Лукашенко буга чейин унаасы от албаганы үчүн жыйынга кечигип кала жаздаганын айткан." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/aleksandr-lukashenko-unaasynyn-aiynan-jogorku-evraziyalyk-ekonomikalyk-keneshtin-jyiynyna-kechigip-kala-jazdady/">айткан.
"Беларусь президенти токтогон жай менен жыйындар залы бири-биринен анча алыс эмес болгондуктан, ал сейилдеп басып барууну чечкен. Аны ташыган автоунаанын техникалык абалы мыкты, эшиктин алдында даяр турган", — деди Эрбол Султанбаев.