Президенттин кеңешчиси: "Чек ара маселесин бийлик чечет, эл кийлигишпейт"
Туура, 60тан ашык жарандарыбыздан айрылдык. Ичтен кан өтүп турат. Кол салган тарап 400гө чукул жаранынан, 50дөн ашык танкасынан, 20дан ашык ар түрдүү чопкутталган техникасынан айрылды. Бизге кол салабыз деп, алар да чоң жоготуга учурашты. Чек араны басып киришкенде “Кыргыздарга барып “пу-пу” атышып ойнойлу да, анан кайра чыгып кетели” деп келишкен эмес. Басып алышып, ошол аймактан чыкпай коюшту пландашкан. Күч менен кууп чыгарылды. Бул чек араны кайтаруудагы шалаакылыктан эмес, тескерисинче астына ала көрүлгөн даярдыктан ушундай болду.
Туура жетишсиздиктер, кемчилдиктер көп. Жашоо, экономиканы көтөрүү да мультфильмдегидей эмес экен. Күнү-түнү кара жанды карч уруп иштешти, болгондо да көзүн таап, туура иштешти талап кылат тура. Каражат жок болсо, карайлайт экенсиң да. Болгон каражатты аскерий техникаларды алууга, чек араны бекемдөгө жумшап, канчалаган айлыктарды, жөлөк пул пенсияларды жогорулатпай койсо да болбойт эле. Айлыктар, жөлөк пул, пенсиялар эки жылда 100-150 пайызга чейин көтөрүлбөсө дүйнөнү каптаган кымбатчылыкта элибиз эмне болот эле? Муну ойлоп койдуңарбы?" - деди ал.