Президенттин кеңешчиси Иманалы Айдарбековдун үйүнүн азыркы абалын бөлүштү
Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев соцтармактагы баракчасына Иманалы Айдарбековдун үйүнүн азыркы абалы тартылган сүрөттү бөлүштү.
"Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн - Кара-кыргыз автоном облусун негиздөөчүлөрдүн сап башында тургандардын бири Иманалы Айдарбеков (1884-1938) азыркы Раззаков көчөсүндөгү ушул үйдө жашаган. Репрессия учурунда үй конфискацияланган. Айдарбеков акталганда урпактарына кайтарып берилген эмес. Айдарбековдун кызы Рафа Айдарбекова (1918-1996) ушул көчөдөн өткөн сайын балалыгы калган ушул үйдү көпкө телмире тиктеп, "атам, энем болуп чогуу жашаган үй эле!" деп эстеп калчу экен. Баса, эмдиги жылы Кара-кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, ал эми Иманалы Айдарбековдун 140 жылдык мааракеси! Бул үйдү мамлекет сатып алып, музейге айлантса кандай болот эле деген ой сокту", - деп жазды ал билдирүүсүндө.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="169847,169848"]