Abank
SerepTV Logo

"Президентти күтүп жатабыз" дейт Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов

"Президентти күтүп жатабыз" дейт Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу тууралуу комментарий берди. «Президенттин келишин күтүп жатабыз. Келгенге чейин Баткен облусу боюнча штабдын ишин координациялайбыз. Биздин негизги милдетибиз – коңшу Тажикстандын биздин аймакты аткылоону токтотуусу. Биз алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, бирок андан майнап чыкпай жатат... алар кайрадан ок чыгарып жатышат", - деди ал.

Иманкулов белгилегендей, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр уланууда. «Алар [ок атышпоо боюнча] буйрук бердик деп айтышат окшойт, бирок иш жүзүндө бул аткарылбай жатат», - деди ал.