Урайын деген үйүн көрсөткөн нарындык кыз эсиңиздеби? Жаңы үй салынып бүттү
Социалдык тармактарда буга чейин кичинекей кыздын өз үйүн президентке тааныштырып жаткан видео" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/prezidentke-yiyn-taanyshtyrgan-5-jashtagy-kyzdyn-ejesi-yiybyz-kachan-urap-kalat-dep-korkobuz/">видео тараган. Ал үйдүн 2-3 айдан кийин кулашы мүмкүн экенин айткан эле. Видео Нарындын Ак-Тал айылында тартылган.
Ак-Талаа райондук администрациясы маалымат таратып, дал ушул үй-бүлөгө Садыр Жапаровдун атынан салынган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/prezidentke-kairylgan-kyzdyn-yi-bylosyno-yi-salyna-bashtady-syrot/">салынган үйдүн документи тапшырылганын билдиришти. "Район акими Жумадилла Жапаров Ак-Тал айылындагы 51 жаштагы Баатыр эне Гүлзат Искаковага жаңы турак-жайдын мамлекеттик актысы жана техникалык паспортун тапшырды. Аялдын 7 баласы бар, 2020-жылы жолдошу каза болуп, балдарын жалгыз тарбиялап келет. Буга чейин анын кызы интернет булактары аркылуу президенттин атына видео кайрылуу жиберген. Маалымат президентке жетип, аталган үй-бүлөгө жаңы турак-жай салып берди", - дешти.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/08/snimok-157-750x375-1-750x375-1.png" alt="" width="750" height="375" />