Садыр Жапаровдун 17-20-ноябрь күндөрү Японияга барары маалымдалды
"Япониянын Министрлер кабинетинин башкы катчысы Хироказу Мацуно 7-ноябрда өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга иш сапары менен келерин билдирди" деп жазат Nikkei.
Сапар учурунда Жапаров премьер-министр Фумио Кишида менен жолугушуп, император жана императрица менен жолугушууну пландаштырууда.
Кыргызстан президенти сапар учурунда Токио жана Киото шаарларында болору айтылды.