Садыр Жапаров Ысык-Көлдө ооз ачар өткөрдү (сүрөт)
Кечээ, 13-апрель күнү президент Садыр Жапаров Каракол шаарында Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунун жана Каракол шаарынын тургундарына ооз ачар өткөрдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
"Президенттин атынан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов катышышты. Жетекчилер сөз сүйлөп, президенттин атынан Ысык-Көл облусунун тургундарын Рамазан айы менен куттукташты", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="174748,174749,174750,174751,174752"]