Президент Садыр Жапаров Меккеде кичи ажылык зыярат жасады (сүрөт)
Президент Садыр Жапаров Сауд Арабия падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында умрага барды.
Умра учурунда Садыр Жапаров өзгөчө урмат-сыйга ээ болуп, ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуган.
"Мамлекет башчысы жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тиледи. Умра - кичи ажылык, Меккеге жана Ыйык мечитке баруу менен байланышкан, ажылык үчүн белгиленген айдан башка жылдын каалаган убагында жасалуучу зыярат",-дешти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="191116,191117,191118,191119,191120,191121"]