Abank
SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров эртең иш сапары менен БАЭге барат

Президент Садыр Жапаров эртең иш сапары менен БАЭге барат

Президент Садыр Жапаров 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болот. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Сапардын алкагында Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулоого багытталган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылган. Өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында бир катар документтерге кол коюу мерчемделүүдө",- деп жазды ал.