Abank
SerepTV Logo

Президент Миң-Куш айылындагы балдарды мектепке ташууга 2 кичи автобус алып берди

Президент Миң-Куш айылындагы балдарды мектепке ташууга 2 кичи автобус алып берди
Жаңы окуу жылына карата Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы балдарды мектепке ташып жеткирүү үчүн президенттин фондунан 2 кичи автобус алып беришти. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Унааларды бүгүн, 8-сентябрда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов дарегине жеткирди. Президент Садыр Жапаров 13-июлда Миң-Куш айылына келип, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн уккан. Жолугушууда айыл тургундары көтөргөн көйгөйлүү маселелердин бири мектеп окуучуларын мектепке ташып жеткирүү үчүн автобустардын зарылдыгы болчу. Учурда Миң-Куш айылындагы 3 орто мектепте 567 окуучу билим алууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="200520,200521,200522,200523,200524"]