Паранжа кийип, сакал коюуга айып салуу мыйзам долбоору артка кайтарылдыбы? Демилгечи депутаттын жообу
Социалдык тармактарда паранжа кийип, сакал коюуга айып салуу мыйзам долбоору артка кайтарылганын жазышып, бул үчүн депутат Марлен Маматалиевге ыраазычылык жазып жатышат.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги мыйзамдын демилгечиси депутат Шарапаткан Мажитова менен байланышканыбызда, бул калп маалымат экенин айтты. "Артка кайтарылган жок. Коомдук талкууда турат. Көпчүлүктүн талабы менен жазылган мыйзам долбоор. Сунуштарды топтоп, Жогорку Кеңешке чыгарабыз", - деди эл өкүлү.