"Өзүбүздү өлтүрүп жатканыбызды сезели". Министрлик саякатчы-блогердин видеосунан кийин текшерүүнү баштады
Саякатчы-блогер Николай Гладков Караколдогу Арашан тилкесинин кооздугу тартылган видео жарыялап, бирок көп бак-дарактар кыйылып жатканын билдирген.
"Жаратылышты өлтүрүп жатып, өзүбүздү акырындык менен өлтүрүп жатканыбызды сезишибиз керек. Бизден кийин эмне калат?" - деп жазган ал.
Бул боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигинен маалымат беришти. "Министрликтин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгы кызматкерлери, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик экологиялык милициясынын кызматкерлери менен биргеликте, 30-январда Ак-Суу токойчулугунун №7 токой кыдырмасынын 27-кварталындагы, тандалма суюлтуп кыюу жүрүп жаткан карагайлардын мыйзамдуулугу текшерилүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет", - дешти.
data-instgrm-version="14">
Посмотреть эту публикацию в Instagram