Royal
SerepTV Logo

Өзгөндө өткөн аламан улактан тартылган сүрөт жер кезер фотографтардын сынагын багынтты

Өзгөндө өткөн аламан улактан тартылган сүрөт жер кезер фотографтардын сынагын багынтты
Эл аралык "Travel Photographer of the Year - 2021" сүрөттөр сынагында аламан улак ойноп жаткан кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн сүрөтү жеңүүчү аталды. Тагыраагы ал кадр сынактын "Портфолиодогу эң мыкты жалгыз сүрөт" наамын утуп алды. Бул тууралуу сынактын сайтында жазылды" target="_blank">https://www.tpoty.com/galleries/2021-winners/">жазылды. Сүрөттүн автору бельгиялык фотограф Алан Шредер. Анын айтымында, сынакты багынткан кадр 2021-жылы Өзгөндө тартылган. Аламан улакты уулунун урматына жергиликтүү тургун өткөргөнүн билдирген. Сүрөттө 200дөй көк бөрүчүнүн аламан улакка түшкөнү чагылдырылган. Фотографтын дагы башка сүрөттөрүн көргүңүз келсе, анын Инстаграмдагы баракчасына баш баксаңыз болот.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от alain schroeder (@alainschroeder)

Сынактын калысы жеңүүчүгө карата мындай комментарий берген: "Адамзаттын атаандашуусунун бул айланмасына карата көз караш жердин деңгээлинен тартылса, анда окуя мынчалык көзгө урунарлык болмок эмес. Көздү кайсы жакка чаптырба, бир нерсе болуп жатат жана көзүң ар кайсы жакты карап, майда-чүйдөнү иликтеп жаткан болот". "Travel Photographer of the Year" - жер кезер фотографтардын эң кадыр-барктуу эл аралык сынагы. Жыл сайын бул сынакка дүйнөнүн 100дөй өлкөсүнөн он миңдеген сүрөттөр жөнөтүлөт. Сынактын Лондондо өтүүчү чоң сүрөт көргөзмө менен аяктоосу салтка айланып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

23:00 27.04.2026

Кара-Суудагы каналга түшүп кеткен аял изделип жатат

00:09 30.04.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026