Өзгөчө кырдаалдар министри "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында болгон каргашалуу окуясы боюнча маалымат берди
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 17-ноябрдагы отурумда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өлкөдө издөө-куткаруу жумуштарын уюштуруу жана жүргүзүү тууралуу маалыматын укту.
Маалымат менен өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев тааныштырып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер, куткаруу бөлүктөрүн техника жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо маселелерине токтолду. Ошондой эле «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында болгон каргашалуу окуяга байланыштуу Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгонун да маалымдады.
Талкуу маалында депутат Чолпон Эсенаманова өспүрүмдүн өмүрү кыйылган «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркындагы кейиштүү окуя дагы кайталанбашы үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады. Депутат Гуля Кожокулова коопсуздук маселелерине системалуу мамиле жасап, алдын алуу чараларын күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Эл өкүлү калк арасында, өзгөчө балдар жана өспүрүмдөр үчүн түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү, ошондой эле туристтер көп барган жана кооптуу деп эсептелген тоолуу аймактарда туруктуу куткаруу постторун уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Депутат Медина Кайрылбекова туристтердин жүргөн жерин аныктоо үчүн GPS-көзөмөлдөө системасын киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, балдардын чоңдордун коштоосу жок тоо маршруттарына чыгуусуна чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароого чакырды. Депутат Улан Бакасов дагы жарандарга мүмкүн болуучу коркунучтар тууралуу өз убагында маалымат жеткирүү жана туристтик маршруттардын коопсуздугун жогорулатуу маселелерине көңүл бурду. Ал эми комитет төрайымы Эльвира Сурабалдиева министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана куткаруу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кошумча каржылоого болгон муктаждыгы тууралуу маселени көтөрдү.