Кыргызстандагы жалпы 2014 айылдын 836сы таза ичүүчү суу менен толук камсыздалган
16-ноябрда Жогорку Кенештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыз кылуунун жана саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы тууралуу» маалымат угулду.
Маалымат менен суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары, Суу ресурстары кызматынын директору Бактыбек Анаркулов тааныштырды. Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандагы жалпы 2014 айылдын 836сы таза ичүүчү суу менен толук камсыздалган. 2026-жылдын аягына чейин 70 айылда курулуш иштерин аяктоо пландалган болсо, иш жүзүндө 73 айылда иштер бүткөрүлүп, белгиленген план ашыгы менен аткарылган. Ал эми 2027-жылдан тарта жыл сайын 150 айылда таза суу менен камсыздоо боюнча курулуш иштерин жүргүзүү мерчемделүүдө.
Талкуу маалында депутат Умбеталы Кыдыралиев жаңы түзүлгөн «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнө кызыгып, анын негизги милдеттери жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат сурады. Ошондой эле калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча көрсөткүчтөрдүн төмөндүгүн сынга алып, бул багыттагы иштерди күчөтүүгө чакырды. Депутат Табылды Муратбеков долбоордук-сметалык документтерди даярдоо иштери узакка созулуп жатканын белгилеп, бул процессти тездетүү жана аталган багытта квалификациялуу адистерди даярдоо зарылдыгына көңүл бурду. Ал эми депутаттар Камила Талиева, Болотбек Борбиев, Алишер Козуев, Эркеайым Сейтказиева жана комитет төрагасы Кубанычбек Самаков аймактарды таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле бул багытта долбоорлорду ишке ашырып жаткан Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
Жыйынтыгында министрликтин маалыматы тиешелүү сунуш-пикирлер менен бирге эске алынды.