Монголиянын президенти коррупциялык жаңжалдан улам мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүнү чечти
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух темир жол курулушуна байланыштуу коррупция боюнча айыптоолордон кийин кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Associated Press агенттиги маалымдады.
Хурэлсух өзүнө коюлган айыптоолорду четке кагып, аброюн калыбына келтирүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Монголиянын Record басылмасынын маалыматына караганда, ал көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө шарт түзүү үчүн оппозициянын кызматтан кетүү талабына макул болгон.
Президент ошондой эле тергөө иштерине кызматташууга даяр экенин билдирди.
Буга чейин оппозициядагы Демократиялык партия Таван-Толгой — Гашуунсухайт темир жолун куруудагы мүмкүн болгон мыйзам бузууларды иликтөөнү талап кылган. Кеп чиновниктерге берилген деп болжолдонгон 110 миллион доллар өлчөмүндөгү пара тууралуу болуп жатат.
Хурэлсух Монголияны 2021-жылдын июнь айынан бери башкарып келет. Анын алты жылдык президенттик мөөнөтү 2027-жылы аякташы керек болчу.