Өзгөчө зээндүү балдарды колдоо үчүн “Акылман” лицейи түзүлдү
Президент Садыр Жапаров “Акылман” президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Окуп жаткандардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын өзгөчө зээндүү балдарын колдоо жана дем берүү үчүн зарыл шарттарды түзүү билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргыз Республикасында интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
- Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында “Акылман” президенттик лицейи» мекемеси түзүлсүн.
- Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Министрлер кабинети:
- Билим берүү жана илим министрлиги “Акылман” президенттик лицейин түзүү жана ишин уюштуруу боюнча чараларды жана ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.