Abank
SerepTV Logo

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткенге барды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткенге барды
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусуна барып, жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте абалды жеке көзөмөлүнө алууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Министр жеринде жабыр тарткан элден кабар алып, калкты коопсуз жайларга жайгаштырууда жана аларды тамак-аш менен камсыздоодо, гуманитардык жардамдарды жеткирүүдө, медициналык кызматтардын кечиктирилгис иш-аракеттеринин ыкчам аткарылуусун көзөмөлгө алууда. Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте ишке өттү.