Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат (видео)
Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Тазалоо иштери Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 0-26-чакырым аралыгында жүрүүдө. Жеринде №36 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери иштеп жатышат.
Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранды.